Главная
Биз иштейбиз
Дүйш.-Жума 09:00 - 18:00
БИЗДИН САЙТКА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР

Биз - Agri-HR, сезондук айыл чарба жумушчулары мамлекеттик программасы (SWP) боюнча
Улуу Британиянын фермаларына убактылуу ишке орноштуруу үчүн жумушчуларды топтоо боюнча компания

 
Биз талапкерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү, түшүм жыйноочу жумуштарына  тандоо жүргүзөбүз. Бул боюнча толук маалыматтык коштоону жана Улуу Британияга барууга даярдыктардын бардык баскычтарында колдоону камсыздайбыз.

Бизди кантип текшерүүгө болот

ТЕНДЕР

РАСМИЙ ТҮРДӨ АККРЕДИТАЦИЯЛАНГАН

Биз Улуу Британиянын ИИМ тарабынан бекитилген тендер боюнча SWP программасынын 
Fruitful операторунан
Европалык биримдиктин курамына кирбеген өлкөлөрдөн талапкерлерди тандоого аккредитациялоо алдык.


Тендердин алкагында биз Европалык биримдиктин курамына кирбеген өлкөлөрдүн бардык жумуш издөөчүлөрүнө бирдей укуктарды жана колдоону беришибиз керек.

ЛИЦЕНЗИЯ

GLAA ТАРАБЫНАН ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН

Биз жумушка алууну жумушчу күчүн жалдоо боюнча ортомчулардын ишмердигин жөнгө салуучу британиялык башкармасынын (GLAA) талаптарына  ылайык  жүргүзөбүз. 


Биздин талапкерлерди жумушка ала турган Улуу Британиянын бардык жумуш берүүчүлөрү дагы GLAA тарабынан текшерилген.

ТАЖРЫЙБА

2004-жылдан бери иштейбиз.

Agri-HR командасы 2004-жылдан бери  SWP программасы боюнча айыл чарба иштерине кабыл алуу жумуштары менен алектенген. Улуу Британияда айыл чарба иштерине кабыл алуу  Россияда, Украинада, Болгарияда, Румынияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө жүргүзүлүп келген.

2018-жылдан бери Agri-HR командасы өз алдынча ишмердүүлүүгүн жүзөгө ашырат.

СЕЗОНДУК АЙЫЛ ЧАРБА ЖУМУШЧУЛАРЫ МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ (SWP)

Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумушчуларынын программасы 1945-жылдан бери иштеп келет. Программа бир нече жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. 2019-жылдан баштап аталган программа  Европалык биримдиктин курамына кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына да жеткиликтүү. Agri-HR жумушка алууну Fruitful
расмий операторунун аккредитациялоосу боюнча  жүргүзөт.
Катышуучулар жумуш визасын алуу учурунда 18 жаштан жогору болуусу керек.
Tier-5  жумуш визасы белгиленген тартипте  6 айга берилет.
Талапкерлер орус тилин билүү керек, арыз толтуруу жана аңгемелешүү орус тилинде жүргүзүлөт.
Англис тилин билүү кубатталат. 
Жумушка баруу үчүн арыз берүү ушул эле сайтта он-лайн түрүндө  жүргүзүлөт. 
Эмгек акы саатына жаш курагына жараша төлөнөт:
жана андан өйдө – £10,42.

Улуу Британиядагы фермалар

G's, Barway Services Ltd

Жайгашкан жери: Кембриджшир жана Норфолк графтыктары.

Жумуш: сельдерейди, чамгырды, кытай салатын жана башка түрлөрүн жыйноо жана таңгактоо.

Бир саатка аныкталган аткарылган жумуштун көлөмү көрсөтүлгөн ченемден төмөн болбошу керек. Келишимдик менен төлөнгөн акы кошумча акча табууга мүмкүндүк берет. 

Эмгек акы төлөөнүн мезгилдүүлүгү: жума сайын.

Жайгаштыруу тиби: 2-6 кишилик жатакана. Бөлмөлөр эркектер үчүн жана аялдар үчүн деп бөлүнгөн. Түгөйлөр үчүн өзүнчө жайгаштыруу каралган.

Ашкана жана жуунучу жай: жалпы жана жеке жайлар бар.

Кир жуучу жай: бир жолу жуу £1 турат.

Турак-жай үчүн төлөм: жума сайын айлык акыдан £60,90 алынат.

Коммуналдык кызматтар: электр энергиясына жана газга тариф боюнча төлөнөт.

Тиричилик шарттары: жатакана керектүү эмеректер жана интерьер буюмдары менен жабдылган.

Шаарчанын аймагында: спорттук зал, теннис, футбол талаасы ж.б. бар.

Супермаркетке акысыз унаалар каттайт.

FW Mansfields & Sons

Жайгашкан жери: Кент графтыгы.

Жумуш: кулпунай, алча, алмурут, алма жана кара өрүк жыйноо жана таңгактоо, мөмө-жемиш бактарына кам көрүү.

Бир саатка аныкталган аткарылган жумуштун көлөмү көрсөтүлгөн ченемден төмөн болбошу керек. Келишимдик менен төлөнгөн акы кошумча акча табууга мүмкүндүк берет. 

Төлөөнүн мезгилдүүлүгү: жума сайын.

Жайгаштыруу тиби: 4-6 кишилик чакан үйлөр, бир бөлмөдө 1-2 кишиден, түгөйлөр үчүн өзүнчө жайгаштыруу каралган.

Ашкана жана жуунучу жай: жалпы.

Кир жуучу жай: акысыз.

Прачечная: бесплатна.

Турак-жай үчүн төлөм: жумасына эмгек акыдан  £60,90 алынат.

Коммуналдык кызматтар: электр энергиясына жана газга тариф боюнча төлөнөт.

Тиричилик шарттары: Мобилдик үй керектүү эмеректер, интерьердин буюмдары жана ашкана буюмдары менен жабдылган.

Шаарчанын аймагында: эс алуучу жана барбекю жасаган жер бар.

Супермаркетке жумасына 1-2 жолу акысыз унаа каралган.

Staples Vegetables

Жайгашкан жери: Линкольншир графтыгы.

Жумуштар: капустанын түрдүү сортторун жана башка жашылчаларды жыйноо.

Бир саатка аныкталган аткарылган жумуштун көлөмү көрсөтүлгөн ченемден төмөн болбошу керек. Келишимдик менен төлөнгөн акы кошумча акча табууга мүмкүндүк берет. 

Төлөөнүн мезгилдүүлүгү: жума сайын.

Жайгаштыруу тиби: 4-6 кишилик чакан үйлөр, бир бөлмөдө 2 ден киши, түгөйлөр үчүн өзүнчө жайгаштыруу каралган.

Ашкана жана жуунучу жай: мобилдик үйлөрдө бар.

Кир жуучу жай: бир жолу кир жууганга £1 төлөнөт.

Турак-жай үчүн төлөм: жумасына эмгек акыдан £60,90  алынат.

Коммуналдык кызматтар: электр энергиясына жана газга тариф боюнча төлөнөт.

Тиричилик шарттары: Мобилдик үй керектүү эмеректер, интерьердин буюмдары жана ашкана буюмдары менен жабдылган.

Шаарчанын аймагында: Дүкөн бар. Ошондой эле супермаркетке таксиде арзан тарифтер менен жетип алууга болот.

AC Goatham & Son

Жайгашкан жери: Рочестер графтыгы.

Жумуш: алма жана алмуруттарды жыйноо жана таңгактоо, жемиш бактарына кам көрүү.

Бир саатка аныкталган аткарылган жумуштун көлөмү көрсөтүлгөн ченемден төмөн болбошу керек. Келишимдик менен төлөнгөн акы кошумча акча табууга мүмкүндүк берет. Ченемден ашык ишке карата төлөм каралган.

Төлөөнүн мезгилдүүлүгү: ар бир эки жума сайын, экинчи күндөрү.

Жайгаштыруу тиби: 4-6 кишилик чакан үйлөр, бир бөлмөдө 1-2 кишиден, түгөйлөр үчүн өзүнчө жайгаштыруу каралган.

Ашкана жана жуунучу жай: жалпы.

Кир жуучу жай: бир жолу жууганга £1 төлөйт.

Турак-жай үчүн төлөм: жумасына эмгек акыдан  £60,90  алынат.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр: электр энергиясын жана газды пайдалануу үчүн жума сайын акысыз тариф бар, тарифтен ашыкча пайдалануу үчүн акча төлөнөт.

Тиричилик шарттары: Мобилдик үй керектүү эмеректер, интерьердин буюмдары менен жабдылган.

Супермаркетке жумасына бир жолу акысыз барып келүүгө транспортту ферма өзү уюштурат.


СЕЗОНДУК  ЖУМУШЧУЛАР ҮЧҮН ТИПТҮҮ ТУРАК-ЖАЙ

МОБИЛДИК ҮЙЛӨР

4-6 КИШИДЕН ЖАШОО

ЖЕМИШ ФЕРМАЛАРЫНДАГЫ ЖУМУШТУН КЫЗУУ УЧУРУ - КҮЗҮНДӨ

ЖЕМИШТЕРДИ ЖЫЙНОО

ИШ ЖУМАСЫНЫН УЗАКТЫГЫ 60 СААТКА ЧЕЙИН ЖЕТЕТ

МОБИЛДИК ҮЙДӨГҮ ТИПТҮҮ БӨЛМӨ

МОБИЛДИК ҮЙ

АШКАНА ЖАНА ДААРАТКАНА КӨБҮНЧӨ ЧАКАН ҮЙДҮН ИЧИНДЕ ЖАЙГАШКАН

ЖУМУШКА ЧЕЙИН ТРАНСПОРТ АКЫСЫЗ

ЖУМУШЧУЛАР ҮЧҮН МИНИБУСТАР

ЖОЛ КИРЕ ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН

СТАНДАРТТАРДЫ СУПЕРМАРКЕТТЕР БЕРЕТ

ЖОГОРКУ СТАНДАРТТАР

ТЕКШЕРҮҮ ИШТЕРИН СУПЕРВАЙЗЕР АТКАРАТ

ДЕН-СООЛУКТУН ЖАКШЫ АБАЛДА ЭКЕНИН ТЕКШЕРИҢИЗ

ФИЗИКАЛЫК ЖАКТАН КҮЧ КЕЛЕТ

ЖУМУШ ҮЧҮН ЖАКШЫ ФИЗИКАЛЫК ФОРМА МААНИЛҮҮ

Жумушка жетүү үчүн чыгымдар

Жумуш визасы (Tier 5) - 384$+87$ (Бишкек) (+ виза берүүчүнүн кошумча кызмат акысы болушу мүмкүн)

Биз арыз берүү процесси жөнүндө кенен түшүндүрмө беребиз. Сиз виза алуу процессин бүтүрүү үчүн тиешелүү мекемелерге өз алдынча барышыңыз керек. 

Бир тарапка учуу- болжол менен 27930 - 39800 сом.

Сиз самолетко билет сатып алышыңыз керек. Билеттин баасы ар дайым өзгөрүп, туруксуз.

Аэропорттон фермага чейинки жол кире – 40-50 фунт стерлинг

Жол жүрүүнү пландаштыруу үчүн бизден кененирээк маршруттук картаны аласыз. Аэропорттон фермага чейинки автобустун билетин эртерээк алып койсоңуз болот. Биз сиз менен фермага жеткенге чейин байланышып турабыз.

Биринчи 2 жумага 100-150 фунт стерлинг керек болот

Адатта, жумушчулар биринчи айлыгын мурунку жуманын иши үчүн  кийинки жуманын аягында алышат, ошондуктан сизге баштапкы күндөрү акча керек болот.

Бул сунуш сиз үчүн, эгер:

Сиз физикалык жактан дениңиз чың жана моралдык жактан туруктуу болсоңуз

Сиз ден соолугуңуздун жакшы абалда экендигин ырастаңыз, себеби фермада физикалык жактан күч келет: подносторду көтөрүү, эңкейип иштөө, туруп иштөө.

Сиз демейдегиден айырмаланган көп улуттуу тилдик чөйрөгө жана жашоо шарттарына туш келесиз. Ошого байланыштуу позитивдүү маанайда, адамдар менен түз мамиледе жана туруктуу моралдык абалда болушуңуз абдан маанилүү экенин белгилейбиз.

Сиз иш мезгилинде 600 000 сомдон ашык акча табуу каалооңуз бар болсо

Улуу Британиянын мыйзамдарына ылайык минималдуу эмгек акы саатына £10,42 түзөт.

Эмгек акыдан эки түрдөгү салык кармалат:

- Улуттук камсыздандыруу – жумасына £162 ашык болсо, кирешеден 12%

- Киреше салыгы, эгер жылдык киреше £12 500 ашык болсо.

Башка өлкөгө 6 айга барып келүү мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо

Сиз жумуш берүүчү менен келишимди бузуп, жумуш визасынын мөөнөтү аяктаганга чейин үйүңүзгө кете аласыз.

Бирок, биз мындай кылууну сунуштабайбыз, себеби келечекте сезондук айыл чарба жумушчуларынын программасы боюнча ишке орношуу мүмкүндүгү сиз үчүн катуу чектелип калышы мүмкүн.

2022-жылы сезон учурунда максималдуу акча табуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз жана жумуш визасынын мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп,  келечекте Улуу Британиянын фермаларында кайра дагы иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүңүз.

Улуу Британияда ишке орношуу тажрыйбасын алуу боюнча каалооңуз бар  болсо

Иш тажрыйбасын алуу, иш процессин уюштурууну байкоо, Улуу Британиядагы ишканалардагы кызматкерлердин ишин баалоо критерийлерин түшүнүү - бул  жаш адамдар үчүн өзгөчө маанилүү.

ЖОЛГО ЧЫГУУГА ДАЯРДАНУУ ПРОЦЕССИ

КАДАМДАР ЖӨНҮНДӨ

Биз жумушка кабыл алуу процессин жөнөкөй, түшүнүктүү жана тез болушу үчүн аракеттерди жасадык.

1-КАДАМ. АРЫЗДЫН ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУ

Сиз маалымат менен таанышып жана ишке орношуу тууралуу арызды  онлайн  толтурушуңуз керек.

2-КАДАМ. ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ МАЕКТЕШҮҮ

Жумушка кабыл алуу боюнча менеджер телефон аркылуу видеомаектешүү жүргүзөт жана суроолорго жооп берет.

3-КАДАМ. МАЕКТЕШҮҮ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР

Жумушка орношуу үчүн соттолбогондугу тууралуу маалымкат, ден соолугунун абалы тууралуу маалымкат, сүрөт жана эл аралык паспорт зарыл болот.

4-КАДАМ. БЕТМЕ-БЕТ МАЕКТЕШҮҮ

Биз сизди маектешүүгө чакырабыз. Маектешүүдө биз сиздин документтерди, башка өлкөгө кетүү үчүн жалпы даярдыкты текшеребиз, манжалардын шамдагайлыгына карата тест өткөрөбүз.

5-КАДАМ. ЖУМУШ ВИЗАСЫН АЛУУ

Биз жумуш визасын алуу үчүн форманы толтуруу боюнча түшүндүрмө беребиз. Виза берүү мекемесинде аңгемелешүүнү өз алдынча өтөсүз.

6-КАДАМ. ЖОЛГО ЧЫГУУНУ УЮШТУРУУ

Биз билет сатып алууга жардам беребиз жана жол жүрүү боюнча толук маалымат беребиз, фермага жетип алууңузду контролдоп турабыз.
Коммуникация об изменении статуса заявки происходит по электронной почте.

ЖУМУШКА ОРНОШУУ ҮЧҮН АРЫЗ ТОЛТУР

БИЗДЕН КАНДАЙ ЖАРДАМ АЛАСЫЗ

Толук акысыз коштоп жүрүү

Маалыматтарды берүү, виза алууда түшүндүрмө берүү, жол жүрүүнү уюштурууда коштоо – толугу менен акысыз.

Улуу Британиядагы легалдуу жумуш

Улуу Британияда фермалардын эмгек жана жашоо шарттары Эмгек министрлиги тарабынан үзгүлтүксүз текшерилип турат. 

Жумуштан кийин салыктарды кайтарып берүү

Салыктарды кайтарып берүү зарылчылыгы болгон учурларда формаларды толтурууга жана туура маалымат берүүгө жардам беребиз.

БИЗДИН КОМАНДА

Ян-Вилем Наеребаут

AGRI-HR ДИРЕКТОРУ

1995-жылдан тартып Улуу Британиянын ири чарбасынын операциялык директору

2007-жылы Европалык биримдиктин өлкөлөрүнөн жумушка алуунун коррупцияга каршы методун түзгөн

2018-жылы Agri-HR негиздеген


Айгүл Эшенкулова 

AGRI-HR КОМПАНИЯСЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ФИЛИАЛЫНЫН ДИРЕКТОРУ

1997-2021 -жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтарда иштеген, анын ичинде:

2007-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында эмгектенген

2022-жылы AGRI-HR командасына кошулган